Cookie тууралуу билдирүү

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Cookie statement and the translation is 100% complete.

Купуялык саясатыбызда айтылгандай, Викимедиа купуялык жана айкындуулук принциптерин бекем карманат. Андыктан Викимедиа сайттарындагы cookie файлдарынын колдонулушу тууралуу маалымдоо үчүн ушул Cookie тууралуу билдирүүнү түздүк. Ушул Cookie тууралуу билдирүү cookie файлдарды (жана маалыматты жергиликтүү сактоо технологияларын), үчүнчү тараптардын cookie файлдарын кантип колдоноорубузду жана cookie файлдарыңыздын параметрлерин кантип өзгөртө аларыңызды түшүндүрөт. Купуялыкты камсыз кылуу ишибиз тууралуу толук маалыматты Купуялык саясатыбыздан алсаңыз болот.

Викимедиа сайттарын иштеткен коммерциялык эмес уюм катарындагы Викимедиа фонду кеңири колдонулуучу ар кандай технологиялар аркылуу маалыматтын кээ бир түрлөрүн топтойт. Адатта, алардын катарына көз салуучу пикселдер, JavaScript жана cookie файлдар жана жергиликтүү сактагыч сыяктуу ар кандай «‎маалыматты жергиликтүү сактоо» технологиялары кирет.

Сookie деген эмне ?

«Cookie» — Викимедиа сайттарына кирүү үчүн колдонулуучу компьютериңизге, мобилдик телефонуңузга же башка түзмөгүңүзгө жиберилүүчү жана адатта аутентификация менен көз салуу максатында колдонулуучу чакан маалымат файлы. Ар бир cookie белгилүү бир мөөнөттөн кийин жок кылынат, бирок ал мөөнөт анын колдонуу максатына жана браузериңиздин параметрлерине жараша ар кандай болушу мүмкүн.

Көпчлүктө cookie файлдар сактоо мөөнөтү боюнча категорияланат. «‎Сеанстык» cookie адатта браузериңиз же мобилдик колдонмоңуз жабылганда жок кылынат. Ал эми «туруктуу» cookie браузериңиз же мобилдик колдонмоңуз жабылгандан кийин да түзмөгүңүздө сактала берет. Туруктуу cookie файл биз белгилеген мөөнөткө сакталат же жок кылганыңызча чейин. Cookie тууралуу Википедиядан көбүрөөк окуй алсаңыз болот.

Cookie файлдарын браузериңиздин параметрлеринен жок кылып же өчүрсөңүз болот. Cookie параметрлерин тууралоо жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келсе, ушул Cookie тууралуу билдирүүнүн 3-бөлүмүн караңыз.

Ушул жерде колдонулуучу жана тиешелүү болушу мүмкүн башка негизги терминдер тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Купуялык саясатыбыздын глоссарийин окуңуз.

Викимедиа cookie файлдардын кандай түрлөрүн кандай максаттарда колдонот ?

Викимедиа сайттарын окуп же түзөтүү үчүн сookie файлдар талап кылынбайт. Cookie файлдар менен маалыматты жергиликтүү сактоонун башка технологияларынан алынган маалыматты Викимедиа сайттары менен өз ара аракеттериңизди коопсузураак жана жакшыраак кылуу, колдонуучулардын каалоолорун жана Викимедиа сайттарын кандайча колдонууларын жакшыраак түшүнүү жана жалпысынан кызматтарыбызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Cookie файлдар аккаунтка кирүү жана түзөтүүлөрүңүздү аккаунтуңузга байланыштыруу үчүн талап кылынат; cookie файлдарсыз — түзөтүүлөрүңүз анонимдүү болуп, аккаунтуңузга тиешеси жок болот.

Ар кандай максаттарга жетүү үчүн cookie файлдарды, JavaScript, көз салуучу пикселдерди жана маалыматты жергиликтүү сактоонун башка технологияларын колдонобуз. Төмөндө cookie файлдардын категориялары келтирилип, алар кандай максаттарда колдонулары айтылат.

Функционалдык:

Бул cookie файлдар Викимедиа сайттарынын иштешине жардам берет жана Викимедиа сайтын аралап, анын функцияларын колдонуу үчүн керек. Алар аккаунтуңузга кирип жатканыңызда колдонуучу атыңызды сунуштайт, сеансыңызды жана мурунку аракеттериңизди сактайт, аккаунтуңуздан чыгарбайт (тандалган болсо) жана башка функцияларды аткарат.

Бир нече мисал:

Тил Сактоо мөөнөтү Категория Эмне кылат ?
centralauth_Token

{$wgCookiePrefix}* Token

«‎Аккаунттан чыгарбоо‎» тандалса — 365 күн. Тандалбаса — колдонулбайт. Функционалдык «‎Аккаунттан чыгарбоо‎» функциясын камсыз кылат.
{$wgCookiePrefix}* UserID, UserName «‎Аккаунттан чыгарбоо‎» тандалса — 365 күн. Тандалбаса — 30 күн. Функционалдык Сизди аныктоого жардам берип, аккаунтуңуздан чыгарбай кармап турат.
loginnotify_prevlogins 180 күн Функционалдык Белгилүү түзмөктөн кирип жатканыңызды ырастайт.

Бул колдонуучуга билдирүү жөнөтүү үчүн ийгиликсиз кирүү аракеттеринин санына таасир этет.

centralauth_Session

{$wgCookiePrefix}* Session

Браузерден чыккыча Функционалдык Сеанстарды башкарат. Викимедиа долбоорлоруна кирүү сыяктуу функцияларды камсыз кылат.

Параметрлер:

Бул cookie файлдар параметрлериңизди сактагындыктан Викимедиа сайттарына кийинки кирүүлөрүңүздө параметрлериңиз өзгөрбөстөн кала берет, ал колдонууңузду ыңгайлуураак кылат. Каалаганыңыз көрүнүштү жана башка көптөгөн нерсени камсыз кыла алышыбыз үчүн аталган cookie тил, тексттин өлчөмү, шрифт жана башка көрүнүш параметрлериңизди таанып, сактоо үчүн колдонулат.

Бир нече мисал:

Тил Сактоо мөөнөтү Категория Эмне кылат ?
stopMobileRedirect 30 күн Параметрлер Эгер сизге жакпаса, мобилдик сайтка багытталбансын деп бизге билдирет
uls-preferences Жергиликтүү сактагыч, cookie эмес Параметрлер Универсалдуу тил тандоо функциясынын параметрлерин тандаганга мүмкүнчүлүк берет.
hidewatchlistmessage- [watchlistMessageId]

● watchlistMessageld — жашырылган билдирүүнүн идентификатору

28 күн Параметрлер Колдонуучуга көзөмөл тизмесинен билдирүүнү жашырууга мүмкүнчүлүк берет.
userFontSize Жергиликтүү сактагыч, cookie эмес Параметрлер Мобилдик сайттагы тексттин тандаганыңыз өлчөмүнө көз салып турат.
preferredEditor Жергиликтүү сактагыч, cookie эмес Параметрлер Мобилдик сайттагы тандаганыңыз түзөткүчтүкө көз салып турат.

Натыйжалуулук жана талдоо:

Бул cookie файлдар окурмандардынт санын эсептеп, Викимедиа сайттарын кантип колдонгонуңуз жөнүндө маалымат чогултат. Натыйжада Викимедиа сайттарын колдонуу тажрыйбаңызды жакшыраак түшүнүүгө мүмкүн болуп, аларды сиз жана башка колдонуучулар үчүн ыңгайлаштырууга жардам берет, мисалы, керектүү нерселерди колдонуучулар оңой таба алгандай кылып. Башка мисалдар:

  • барактарды оптималдаштыруу үчүн Викимедиа сайттарынын ачылган барактарын жана алардагы аракеттерди сактоо;
  • колдонуучуларга веб-барактардан чыккан ката тууралуу билдирүүлөрдү сактоо;
  • соңку окулган макалаларыңызды кийин оңой таба алуу үчүн аларды түзмөгүңүзгө сактоо;
  • сизге көрсөтүлүүчү издөө натыйжаларын оптималдаштыруу үчүн изделген темаларды сактоо;
  • сизди кызыктырышы мүмкүн окшош макалаларды сунушташ үчүн көзөмөл тизмеңиздеги макалаларды сактоо.

Бир нече мисал:

Тил Сактоо мөөнөтү Категория Эмне кылат ?
centralnotice_bucket 7 күн Натыйжалуулук жана талдоо CentralNotice кеңейтмеси аркылуу колдонуучуларга берилген эскертмелердин натыйжалуулугун түшүнүүгө жардам берет. Толук маалымат үчүн: Extension:CentralNotice
ext.popups.core.previewCount Жергиликтүү сактагыч, cookie эмес Натыйжалуулук жана талдоо Hovercards натыйжалуулугун түшүнүүгө жардам берет.
WMF-Last-Access 30 күн Натыйжалуулук жана талдоо Сайтыбызга кирген түзмөктөрдү эсептегенге жардам берет. Караңыз: diff.wikimedia.org/2016/03/30/unique-devices-dataset/

Үчүнчү тараптардын:

Уруксатыңыз берилмейинче викилерибизде эч качан үчүнчү тараптардын cookie файлдарын колдонбойбуз. Бул cookie файлдар аркылуу үчүнчү тараптардын «‎‎жакты» жана «бөлүшүү‎»‎ баскычтары сыяктуу кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн үчүнчү тарап cookie файлдарды колдонушу керек болушу мүмкүн.

Викимедианын вики сайттарына киргениңизде түзмөгүңүзгө үчүнчү тараптардын cookie файлынын өткөрүлүп берилгенин байкасаңыз, бирок ошол cookie файлдын колдонулушуна жана/же өткөрүлүп берилишине уруксат берүү үчүн эч нерсе кылган эмес болсоңуз (мисалы, башка колдонуучу же администратор жаңылышып жайгаштырып алды деп), ошол cookie тууралуу privacy@wikimedia.org электрондук почтасына билдирүүңүздү өтүнөбүз.

Викимедиа фондунун вики эмес сайттары тууралуу:

Викимедиа фондунун айрым вики эмес сайттары үчүнчү тарап болгон кызмат көрсөтүүчүлөр иштетишет.

WordPress VIP платформасында жайгаштырылган сайттарда WordPress Stats модулу иштеши мүмкүн. WordPress Stats — WordPress иштеткен вики эмес сайттарга канча адам киргенин, алардын өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлүшүн жана эң көп окулуучу барактарды, постторду жана шилтемелерди билүүгө мүмкүнчүлүк берген кызмат. 30 күнгө чейин сакталуучу иштелбеген Stats маалыматына Викимедиа фонду менен Automattic/WordPress кызмат көрсөтүүчүсүнүн гана жетүүсү бар. Stats тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн WordPress платформасынын модуль тууралуу барагын караңыз.

Civilized Discourse Construction Kit, Inc. компаниясы иштеткен сайттар Discourse форумдары катары белгилүү болуп, cookie файлдарды функционалдуулукту камсыздоо жана жеке параметрлерди сактоо үчүн колдонушат. Иштелбеген маалыматтарга Викимедиа фонду менен кызмат көрсөтүүчүнүн гана жетүүсү бар. Cookie файлдар жана аларды сактоо мөөнөттөрү тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Discourse форумунун cookie файлдары тууралуу бөлүмүн караңыз. Викимедиа фонду Discourse форумдарын Google Analytics кызматын колдонууга, жарнамаларды көрсөтүүгө же демөөрчүлүктү иштетүүгө жөндөбөгөнүн; Discourse форумунун ушул максаттарга тиешелүү cookie файлдары биздин сайттарыбызда колдонулбаганын эске алууңузду өтүнөбүз.

Cookie файлдарымдын параметрлери кандай ?

Келтирилген тизме толук болбосо да, cookie файлдардын жана маалыматты жергиликтүү сактоонун башка технологияларынын түзмөгүңүздөгү колдонулушун чектөө үчүн төмөнкү аракеттерди көрсөңүз болот. Cookie файлдарды жана маалыматты жергиликтүү сактоонун башка технологияларын сайттарыбызда колдонуунун кажети жок болушу мүмкүн болсо да, аларды өчүрсөңүз, кээ бир функциялар туура иштебей калышы мүмкүн.

Төмөнкүлөрдү кыла аласыз:

  • браузериңиздин параметрлеринен жергиликтүү сакталган айрым маалыматты жок кылып же өчүрүңүз болот (бардык cookie файлдарды өчүрүү же cookie качан жөнөтүлөрүн аныктоо үчүн браузериңиздин параметрлериңизди баштапкы абалга келтирсеңиз болот);
  • үчүнчү тараптардын cookie файлдарын бөгөттөй ала турган браузерди колдонсоңуз болот;
  • жергиликтүү сакталган маалымат бар болсо, аны бөгөттөө үчүн плагинди орнотуңуз болот.

Браузериңиздин cookie файлдарын өчүрсөңүз, көз салуучу пикселдер кээ бир аракеттериңизге көз салбай калат. Көз салуу пиксель IP дарегиңизди анонимдүү кирүүлөңүздү каттай бериши мүмкүн, бирок уникалдуу маалымат жазылбайт. Көз салуучу пикселдерди алгыңыз келбесе, браузериңиздеги электрондук почта кардарыңыздагы HTML сүрөттөрүн өчүрүп салышыңыз керек, натыйжада, башка электрондук каттардагы сүрөттөрдү көрө албай калышыңыз мүмкүн.

Көбүрөөк маалымат кайдан таба алам ?

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Купуялык саясатыбызды окуңуз. Ал эми башка суроолоруңуз болсо, privacy@wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз.

Рахмат !


Бул котормонун англис тилиндеги түп нуска менен маңызда же чечмелөөдө кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, англис тилиндеги түп нуска артыкчылыкка ээ экендигин эске алыңыз.